• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Таласта чекисттер тапанча колдонуп, эс алуучуларды сабашканбы? УКМК түшүндүрмө берди

22 Кулжа 2021 16:16 Бишкек Govori.TV

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Талас облусунда УКМКнын мас кызматкерлери травматикалык тапанча колдонуп, эс алуучуларды сабашканын жазышкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда УКМКнын басма сөз кызматы түшүндүрмө таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, 20-июнда УКМКнын Таластагы кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. УКМКнын басма сөз кызматы ок атуучу курал колдонулбаганын белгилейт.

“УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коркутуп, көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлашты деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Анткени, тараптардын оозеки кайым айтышуусунан кийин, окуя элдешүү жолу менен жөнгө салынган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 279