Бишкек.12.05.2019.Govori.TV.
Талас облусунда алтын кен ишканасынын кызматкери 3 жарым ай мурун дайынсыз жоголгон Рамис Төтөновдун жансыз денеси табылган. Бул маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
«Билдирүү келип түшкөндөн кийин,милиция кызматкерлери аталган жерге барганда маркум алтын кен ишканасынын кызматкери экенин туугандары ырастаган. Өлүмгө эмне себеп болгону экспертизанын жыйынтыгынан соң белгилүү болот», -дейт Талас ОИИБнин басма сөз катчысы Динара Сарногоева.
Ал эми маркум Рамис Төтөнов үстүбүздөгү жылдын 31-январында жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Кошумчалай кетсек, Шыралжын кенинен 14 чакырым алыстыкта жансыз дене табылганын мал жайып жүргөн адам кабарлаган.