• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта эки бир тууган сууга чөгүп кетти

20 Теке 2022 15:06 Бишкек Govori.TV

Талас дарыясынан бир туугандардын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын 18 жаштагы У.Э., (эркек) жана 16 жаштагы У.К., (кыз) аттуу тургундары дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу «102» кызматына билдирүү түшкөн. Маалымат түшкөн күнү милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн жерине ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган.

«Издөө иштеринин натыйжасында Талас дарыясынан бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Бир жарым саат өткөндөн кийин куткаруучулар суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 2283