Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.
Талас облусунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып 37 жаштагы келин жана анын 15 жаштагы кызы көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык 20-февраль күнү болгон.
«Үйдү жылытуу максатында бөлмөгө чаканын ичине от жагышкан. Жыйынтыгында андан чыккан түтүн үй-бүлөнү ууландырган. Каза болгон келиндин дагы 13 жаштагы кызы жана 6 жаштагы уулу оор абалда ооруканага жеткирилди», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилүү болгондой, Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн кырсыктан бир күн мурун 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен.
Супер.kg порталы берген маалыматы боюнча, ошол күнү үй кожейкеси эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деп үйдүн ичине чаканы алып кирип, ага от жагууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында андан чыккан иске түн ичинде уктап жатып ууланып калып, өзү жана бир кызы каза болуп калса, 12 жаштагы баласы менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда 12 жаштагы баласы эсине келип, кызы дале эсине келе элек.
Ал эми журналист Мая Осмонкулова бул окуя тууралуу төмөнкүдөй жазып чыкты.
«Энеси менен 14 жашар кызын жерге бердик. Дагы эки наристенин өмүрү эки ортодо жатат. Бул видеодон көрүп турган контролер кыз жанагы 14 жашар кыздын » Азыр апам келип төлөйт, өчүрбөсөңүз» — деп жалынганына карабай светин кесип кеткен. Атасы 11-класс окуган баласы менен Бишкекте ооруканада болчу. Күн суук, тамакты балдарына сыртка бышырып, оттун чогун балдарым үшүбөсүн деп бирдемеге салып, жаткан бөлмөгө киргизип койгон экен. Ошентип бир үй-бүлө баары көмүрдүн исине ууланып калышкан»,- деп жазды журналист.