• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Таласта үйлөрдүн биринде газ баллон жарылды (видео)

6 Баш оона 201917:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.

Талас шаарындагы Манас көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде газ баллон жарылып,өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 6-августта саат 13:00дөр чамасында турак жайлардын биринде газ баллондордун жарылуусунан келип чыккан.

«Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчү автоунаа чыгып кеткен. Жалпысынан үч өрт өчүрүүчү машина тартылып, тилсиз жоо саат 14:17де толугу менен өчүрүлгөн.Бактыга жараша өрттөн жаракат алгандар жок”,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 71