• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Таласта үйлөрдү сел каптады (видео)

26 Бугу 2021 9:22 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагындагы Түйтө айылында сел жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 37 турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сел 25-май күнү саат 18:30дар чамасында кыска мөөнөттүү жааган жаандын кесепетинен каптаган. Ал эми Талас районунун Бердике айыл аймагындагы 70 гектар айдоо жерди сел алган.

Сел жүргөн аймакка ӨКМдин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды. Ошондой эле селдин кесепетин жоюуга 50гө жакын айыл тургундары катышууда. 

Количество просмотров: 141