Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Талас районунун Шумкар-Уя айылында 25 чакырым жол жарыктандырылган. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, быйыл Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн профилактика иштеринин жана түнкү жарыктандыруунун натыйжасында жол кырсыктарынын саны бир топко азайган.
«2023-жылдын 9 айында 106 жол кырсыгы катталса, 2024-жылдын 9 айында 88ди түзүп, -18ге азайган. Ал эми Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында былтыркы жылдын 9 айында 10 жол кырсыгы катталса, быйыл 9 айда 1 жол кырсыгы катталган. Бул цифра аталган айыл аймакта жол кырсыктарынын саны 90% азайган», — деп жазылат маалыматта.
Кошумчалагандай, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн өтүнүчү менен видео көзөмөл камераларын орнотууга шаар бийлиги тарабынан 5 000 000 сом акча каражаты бөлүнгөн, буга Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камералары орнотулду. Алардын ичинен 10 даанасы адамды жүзүнөн тааныйт, 5 даанасы автоунаалардын мамлекеттик номерлерин аныктайт, 49 даанасы көзөмөл камералар.