• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Таласта кармалган илбирстин көздөрү көрүп баштады

16 Үчтүн айы 2020 22:11 Бишкек Govori.TV

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги «Таласта кармалып Бишкекке жеткирилген ак илбирстин бир көзү агып калды» деген маалымат тастыкталбаганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 16-январда тараткан маалыматта илбирстин эки көзү тең соо экени, бирок начар көрүп жатканы айтылат. Ветеринарлар дарылоодон кийин анын көрүшү жакшырат деп үмүт артышууда.

10-январда Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин ветеринардык клиникасында ак илбирске операция жасалып, анын башына тийген 70тен ашык бытыранын 18 калдыгы алынган.

Количество просмотров: 103