• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта катуу шамалда көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кеткен

11 Үчтүн айы 202415:18 Бишкек Govori.TV

Талас шаарында ылдамдыгы секундасына 18 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуя 10-январда болжол менен кечки саат 19:01лер чамасында катталган. Катуу шамал шаардын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп, ал короодо токтоп турган унааны басып калган.

Жерине үч куткаруучу барып, чатырдын калдыктарын тазалашкан.

Учурда үйдүн чатырын оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 203