• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта киши өлтүрүүгө шектелген адам 17 жылдан кийин Бишкектен кармалды

28 Бугу 202511:56 Бишкек Govori.TV

Талас облустук милициясы киши өлтүрүүгө шектелип, 17 жыл изин жашырып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«2008-жылдын 28-майында саат 18:30 чамасында 1968-жылы туулган Талас шаарынын тургунун 3 эркек киши мас абалдарында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен астынан токтотуп алышып, уруп-сабашып, аны менен чектелбестен автоунаага салып, токой жээгине алып барышып, дагы сабашып денесине оор залал келтирип, ошол жерге таштап кетип калышкан. Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумган. Бул факты ошол учурда милиция тарабынан каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 97-статьясы (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында милиция тарабынан 2 жаран кармалып, өз жазаларын алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми кылмыш ишине шектүүлөрдүн бири, Талас шаарынын тургуну 1984-ж.т. Ш.Э. тергөөгө келбей изин жашырып качып кеткендиктен, 2008-жылдын август айында издөө иши ачылган.

«Дээрлик 17 жыл убакыт Ш.Э. Кыргыз Республикасынын аймагына келбей чет өлкөдө качып жүргөн. Милиция аталган жаранды таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иликтөө-издөө иштерин токтоткон эмес. Тынымсыз көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, 2025-жылдын 20-май күнү Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ш.Э. Бишкек шаарынан кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 252