• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта коронавирус эмне үчүн катталган жок? Министрликтин жообу…

28 Чын куран 202012:07 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда коргонуу чаралары жакшы жүрүп, чет жактан жугузуп келгендер Бишкектен аныкталууда. Мындан пикирин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда Таласта коронавирус жуктурган учур катталбаганыны себебин айтып жатып билдирди.

“Ал жакта чет жактан келгендер, оору жугузгандар менен байланышкан адамдар дагы болгон. Бирок көп учурда облустун тургундары Бишкектен обсервацияга алынып, эгер коронавирус аныкталса, бул жакта кармап калууга жетиштик деп айтсак болот. Экинчиден, алар талаптарды так аткарганга аракет кылып катуу көзөмөл жүргүзүштү. Облустук штаб жакшы иш алып барууда десек болот. Ошонун натыйжасында бүгүн Таласта абал ушундай”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөнүн алты облус, төрт шаарында илдетке кабылгандар тастыкталган. Талас облусунда гана бир да учур катталган эмес.

Количество просмотров: 511