• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таласта массалык мушташ болду

14 Бирдин айы 2021 22:39 Бишкек Govori.TV

Талас шаарында массалык мушташ чыкты. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 14-февралга караган түнү Нуржанов менен Огомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда мушташ тууралуу үйүнүн терезеси талкаланган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылгандан кийин белгилүү болгон.

Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу барган.

«Балдар бири-бирин таш менен урушкан. Мындан улам жергиликтүү тургун айнеги талкаланганын айтып даттанды. Азырынча мушташка эмне себеп болгону белгисиз. Урушкандардын эч кимиси арыз менен кайрылган жок», — деп айтылат маалыматта.


 Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 1753