• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таласта массалык мушташ катталды (видео)

18 Жетинин айы 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Таласта массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мушташ 13-ноябрь түнү Талас шаарындагы Алтын-Казык соода борборунун алдында орун алган.

Милицияга мушташ тууралуу билдирүү түшүп, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, бир нече жаран пикир келишпестен урушуп кеткендиги аныкталган.

Мушташка катышкан 7 жаран шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келип, алардын мас абалда экендиги аныкталган.

Бирок, окуяга катышкан жарандардын бардыгы жана соода борборунун администрациясы арыз жазуудан баш тартышкан.

Аталган факты боюнча административдик чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 707