Талас облусунда эпидемиологиялык абалга байланыштуу мектептер аралыктан окууга өттү. Маалыматты облустук билим берүү бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, чечим облус бийлиги тарабынан 29-апрелде кабыл алынган. Окуучулар 11-майга чейин аралыктан окуп турушат. Андан кийин кырдаалга жараша чечим кабыл алынат.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда акыркы суткада 277 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду.