• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта мугалимдердин айлыгын мыйзамсыз пайдаланып жүргөн мектеп директору кармалды

9 Бирдин айы 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда мектеп директору мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас облусундагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылып алынды.

Жогорудагы факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүруп жатат.

Количество просмотров: 680