• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Таласта мыйзамсыз 3,5 тонна күйүүчү май ташуу фактысы аныкталды

12 Аяк оона 20259:16 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун Айтматов районунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте «Mercedes-Benz Sprinter» маркасындагы жүк ташуучу унаа токтотулду.

Текшерүү учурунда унаада тиешелүү документтери жок, болжол менен 3500 литр күйүүчү май табылган.

Бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 174