Таласта сарай толугу менен, анын ичиндеги 4 тонна буурчак жана бир торпок күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас шаарындагы Кум-Арык айылында жалпы аянты 75 чарчы метр сарай толугу менен, 80 түк чөп, 4 тонна буурчак сабагы жана 1 торпок күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.