Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр аймагында тез татымдан өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар видео жиберишкен.
Андагы маалымат боюнча тез татымда газ баллон жарылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, чыккан өрт учурда чектөөгө алынып, толук өчүрүү аракети жүрүүдө.
Такталган маалымат боюнча, Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан өрт саат 15:28де чектөөгө алынган. Өрт чыкканы тууралуу билдирүү саат 14:54дө түшкөн. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.
Кошумча маалымат берилет.