• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Таласта өзгөчө оор кылмышка шектүү изделүүдө

21 Аяк оона 202112:21 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айынан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып, качып жүрөт.

2021-жылдын 1-июлунда Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ага карата издөө жарыяланган.

Б.Биримкуловдун өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см, денеси орто түзүлүштө, бети тоголок.

Кара-Буура РИИБи Б.Биримкулов боюнча кандайдыр-бир маалымат болсо төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюңуздарды өтүнөт: 03422 5-27-79, 0500 56-76-76.

Количество просмотров: 1725