• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таласта жарадар болгон ак илбирске ок атылганы аныкталды

10 Үчтүн айы 2020 16:05 Бишкек Govori.TV

Таласта жарадар болгон ак илбирске ок атылган. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев Govori.TVга билдирди.

Маалыматка ылайык, ак илбирс Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылып, рентгенге өткөн. Натыйжада ага ок тийгени аныкталган. Илбирстин башынан октун калдыктары табылган. Анын кесепетинен жаныбардын көзүнүн көрүүсү начарлаган.

«Жарадар болгон ак илбирс бүгүн эртең менен Бишкек шаарына алынып келинип, азыр рентгенге тартылды. Анда жаныбардын баш тарабына ок тийгени көрсөтүлдү. Мындан сырткары, көзүнүн көрүүсү начарлап, өзүн алсыз сезүүдө. Качан гана калыбына келгенден соң жаныбарга операция жасалат. Азырынча тыгыз көзөмөлдө. Эгерде толук калыбына келсе Ысык-Көлдүн Ананьев айылындагы реабилитациялык борборго которуп, кийин эркиндикке чыгарабыз. Учурда ак илбирсти ким аткандыгы териштирилүүдө»,-деди Бактыбек Рысалиев.

Мындан сырткары, ал ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар болгондуктан ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул карала турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 520