• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта жер титиреди

10 Үчтүн айы 202011:58 Бишкек Govori.TV

Талас облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматына ылайык, бүгүн, 10-январда саат 06:07де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Маданият, Ынтымак, Кызыл-Октябрь айылдарында 2,5 балл, Талас шаарында 2 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Количество просмотров: 149