• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта жер титирөөдө 48 үй жабыркаган

30 Жалган куран 202510:59 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда 28-мартта таңкы саат 4:42 жана күндүз 16:56да болгон жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркаганы аныкталып, акт түзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеме алардын 31и камсыздандырылганsн белгиледи.

Жабыркаган үйлөрдүн теңинен көбү (26 үй) Көпүрө-Базар айылында болгон. Калгандары Арал (12 үй), Үч-Эмчек (2 үй), Талды-Булак (6 үй), Манас (1 үй), Көк-Ой (1 үй) айылдарында аныкталган.

Таласта 28-мартта күчү 5,3 жана 5,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон жана алар Бишкек шаары менен Чүй облусунда дагы сезилген.

Количество просмотров: 249