• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таласта жоголгон 2 жаштагы наристени 40тан ашык адам издөөдө

15 Чын куран 2021 9:38 Бишкек Govori.TV

талас облусунун Бакай-Ата районунда дайынсыз жоголгон 2 жашар баланы 40тан ашык адам издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү издөө иштери улантылып, жерине жалпы 19 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары ИИМден 80 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40тан ашык адам тартылган.

Эске салсак, 12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата районунун милициясына Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында Өзгөрүш айылынын Субан көчөсүнүн №150 үйүнөн 2019-жылы туулган наристе үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп кеткендигин билдирген. Дайынсыз болуп жаткан Рамзандын апасы саат 15:00 чамасында үйүнүн алдында кайненеси экөө кир жууп жатканда баласы жанында басып ойноп жүргөнүн, жарым сааттан кийин эле баласын издеп таппай калышканын айткан. Баланы табуу үчүн 80ден ашык милиция кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери менен жергиликтүү айыл тургундары биргеликте Кара-Суу жана Талас дарыясын бойлоп издөө иштерин жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн.

Количество просмотров: 151