Кечээ Айтматов районундагы Чолпонбай айылында жаңы маданият үйүнүн ачылышы болду.
Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бектур Сагымбаев жана айыл тургундары катышып, жаңы имараттын кызыл тасмасы салтанаттуу кесилди.
Заманбап шарттагы жаңы маданият үйгө Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы берилди. Маданият үйдүн курулуш иштерине жалпысынан 32 млн. сом сарпталып, анын 6 млн. сому өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен, 5 млн. сому Айтматов районун өнүктүрүү фондунан, калган акча каражаты Талас облусун өнүктүрүү фондунан каржыланды.
Маданият үйүндө концерттик чоң зал, кийим алмаштыруу бөлмөсү, ажаткана ж.б. шарттар каралган.
Буга кошумча айыл тургундары үчүн жаңы маданият үйдүн айланасына жашыл аянтча негизделди. Гүлбакчаны куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 млн. сом акча каражаты жумшалды.