• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Таластагы иске ууланган, абалы оор 5 жаштагы кыз Бишкекке которулду

25 Бирдин айы 201913:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

Талас районунун Кара-Суу айылында түтүнгөн ууланып адамдар каза болгон үй-бүлөдө жабыр тарткан кыз Бишкектеги ооруканага которулду.

Таластын Кара-Суу айылында 20-февралда иске ууланып энеси менен кызы каза тапкан. Курман болгондон келиндин жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясын төлөнбөгөн карызы үчүн өчүрүп кеткен инспекторду айыптаган.

Буга байланыштуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаева кызматтан кеткен.

Ал эми иске ууланган балдардын бири Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборуна которулду. Анын абалы дагы эле туруктуу оор бойдон турат. Белгилүү болгондой балдардын экинчиси — 13 жаштагы бала ооруканадан чыгарылды.

20-февралда Таластын Кара-Суу айылында бир-үй бүлө иске ууланып, энеси менен кызы каза тапкан. Беш жана он үч жаштагы эки бир тууган ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон учурда үй-бүлөнүн ээси улуу баласын дарыгерге каратыш үчүн Бишкекте жүргөн.

Количество просмотров: 17