• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Таластын Казактан менен чектешкен Алмалуу тоосунда кайрадан өрт тутанды

6 Баш оона 2018 11:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Таластын Манас районундагы Казакстан менен чектешкен Алмалуу жайлоосунун тоо этегинде кайрадан өрт тутанды.Бул туурасында ӨКМ билдирди.
Эске салсак, 2018-жылдын 28-июлунда Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен (Казакстан Республикасы менен чектешкен аймак “Лагерь” участкасы) чыккан өрт 4-август күнү саат 15:40да толук өчүрүлгөн. Бирок 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанган. Болжол менен жалпы 2000 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 8 кызматкер, КР ӨКМнин Манас райондук №100 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 19 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №91 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 16 куткаруучу, КР ӨКМнин Талас шаардык №17 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, РИИБден 30 кызматкер, техникалык лицейден 7 адам, Чүй облустук жана Манас, Бакай-Ата, Токтогул райондук токой чарбаларынан 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 200 адам, жалпы 350 адам тартылган.

Манас райондук мамлекеттик админситрация башчысы-акимдин 2018-жылдын 1-августундагы №180 буйругунун негизинде аймака “өзгөчө кырдаал тартиби” киргизилген.

Учурда тартылган күчтөрдүн жардамында өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Количество просмотров: 27