Казакстандын Талдыкорган шаарында өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелигин кулатып жатышат. Бул тууралуу видео «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.
Анда демонстранттар эстеликти кулатууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Кошумчалай кетсек, Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ болгон. Ага чейин ага «Элбасы» наамын алган. Андан тышкары Назарбаев 2019-жылдан бери Конституциялык кеңештин мүчөсү кызматын ээлеп келет.