• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Талгарбеков: Эгер өлүм жазасы болгондо Атамбаев баарыбызды аттырып салмак

17 Кулжа 201915:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.

Бекболот Талгарбеков өз баяндамасын “мындан үч жыл мурун Алмазбек Атамбаевден отчёт талап кылгандыктан камалганбыз” деген сөзү менен баштады.

“Атамбаевдин тушундагы репрессия 1937-1938-жылдагы репрессиядан болгону бир гана айырмасы бар. Азыр өлүм жазасы болбой калды. Эгер өлүм жазасы болгондо Атамбаев баарыбызды аттырып салып, «мен эч нерсе билбейм, муну прокурорлор кылды”,-деп колун ушалап отурмак», — деди Талгарбеков.

Эске салсак, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылар экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынына катышып жатышат.

Количество просмотров: 22