• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Талибан» менен АКШ камактагы жарандарын алмаштырды

20 Аяк оона 2022 9:28 Бишкек Govori.TV

19-сентябрда Кабул шаарынын аэропортунда америкалык инженер Марк Фрерикс «Талибан» радикал кыймылынын жогорку даражалуу мүчөсү Башир Нурзайга алмаштырылды. Бул маалыматты АКШ президентинин администрациясы ырастады.

Марк Фрерикс — АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн инженери жана ардагери. Ал Ооганстандагы өнүктүрүү долбоорлорунда он жылдай иштеген. Фрериксти 2020-жылы февралда белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

Башир Нурзай талибдер 1990-жылдары бийликте турган маалда алардын финансылык тарапкери болгон. 2005-жылы 50 миллион долларлык героинди мыйзамсыз ташуу айыбы менен АКШда камакка алынган.

2009-жылы ал өмүр бою абакка кесилген. Бошотулгандан кийин Нурзайды Кабулда талибдер гүл менен тосуп алышты.

Количество просмотров: 126