• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Талибан» Ооганстанды башкара турган 12 кишиден турган кеңеш түзөт

24 Баш оона 2021 16:42 Бишкек Govori.TV

«Талибан» (дүйнөдө тыюу салынган террордук уюм) кыймылы 12 адамдан турган Ооганстанды Башкаруу кеңешин уюштура турган болду.

Бул тууралуу Foreign Policy агенттиги маалымат таратты. Басылманын маалыматында, Башкаруу кеңешине “Талибандын” саясий канатынын башчысы Абдул Гани Барадар, кыймылдын негиздөөчүсү молдо Омордун уулу, аскердик комиссиянын башчысы Мухаммед Якуб, «Хаккани тармагы» террордук тобунун жетекчиси Халил аль Рахман Хаккани кирди.

Ошондой эле басылма талибдер Панжшердеги каршылык көрсөтүү кыймылынын башында турган Ахмад Масудду дагы мына ушул башкаруу кеңешине киргизүү сунушталганын белгилейт.

Маалымат булагынын айтымында, “Талибан” Ооганстанда жеке адамдын бийлигине негизделген президенттик кызматты калыбына келтирүүнү каалабайт. Бирок ошол эле кезде министрлик кызматтар мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүнө сунушталышы мүмкүн экени айтылды.

Мындан сырткары талибдер эл аралык коомчулук кабыл алып, ал үчүн ыңгайлуу боло тургандай администрация түзүүнү көздөп жатканы айтылды.

Буга чейин Панжшердеги каршылык көрсөтүү кыймылынын башчысы Ахмад Масуд Ооганстанда бардык тараптардын кызыкчылыгын камтыган, бирдиктүү жана кеңири форматтагы инклюзивдүү өкмөт түзүүнү талибдерге сунуштаган.

Маалымат үчүн: “Талибан” Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 205