• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Талибандын» жетекчилери пикир алмашуу үчүн Москвага чакырылды

8 Тогуздун айы 2021 21:15 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Замир Кабуловдун кабарлашынча, бул өлкөдөгү соңку кырдаалды баалап, пикир алмашуу үчүн “Талибандын” (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкүлдөрү Москвага жолугушууга чакырылды.

Эл аралык Reuters агенттиги ишенимдүү булагына таянып, Москвада өтө турган сүйлөшүүлөр 20-октябрга дайындалганын кабарлады.

“Талибан” менен Москвада өтчү бул жолугушууга Кытайдын, Индиянын, Пакистандын жана Ирандын өкүлдөрү да чакырылды.

“Талибан” кыймылынын расмий өкүлүнүн орун басары Билал Карими “Азаттыктын” ооган кызматына Кабул бул жолугушуу тууралуу пикирин кийинчерек жарыялай турганын айтты.

Москвадагы бул сүйлөшүүлөр Ооганстандагы гуманитардык кырдаалды баалап, талкуулаган “Чоң жыйырмага” кирген өлкөлөрдүн жыйынынан кийин болот.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга кылдат байкоо салып турганын, зарыл учурда, чечкиндүү чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 120