• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Талибдер АКШ менен НАТОго жардам берген жарандарды издеп жатышат

20 Баш оона 2021 15:49 Бишкек Govori.TV

«Талибан» (дүйнөдө тыюу салынган террордук уюм) кыймылы АКШга жана НАТОго жардам берген Ооганстандын жашоочуларын издеп жатат. Бул тууралуу «Би-Би-Си» жана The New York Times басылмалары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) үчүн даярдалган документке таянып кабарлашты.

Маалыматка караганда, талибдердин колунда америкалыктар менен кызматташкан адамдардын тизмелери бар. Аларды «суракка алып, жазалоо үчүн» издеп жатышат.

«Эгер изделип жаткан адамды таба албай калышса, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлтүрөбүз деп коркутуп жатышат. Өзгөчө аскерлер, полиция кызматкерлери жана ооган өкмөтүнүн тергөө органдарында иштеген адамдар үчүн чоң коркунуч болууда. Учурда өлкөдөн чыгып кетүүгө үмүттөнүп Кабул аэропортунда жүргөндөрдүн көбү кара тизмеге киргизилгендер», — деп жазылган документте.

Талибдер мындан тышкары журналисттерди да издеп жатышат. Ооганстандын батышында алар Deutsche Welle (DW) басылмасында иштеген кабарчынын туугандарынын бирин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылышкан. Калган туугандары качып кетүүгө үлгүрүп, азыр жашырынып жүрүшөт. Талибдер учурда Германияда жүргөн журналистти издешкен. Бул тууралуу аталган германиялык медиакомпаниянын жетекчиси кабарлады.

DW маалыматына караганда, талибдер Кабулда жана башка бир нече провинцияда компаниянын бери дегенде үч кызматкеринин туугандарынын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Немис басылмалары Германиянын өкмөтүнө ачык кат жолдоп, Ооганстанда немис басылмалары үчүн иштеген журналисттерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн тез арада чыгарып кетүү боюнча визалык программа даярдоого чакырышты.

Ал ортодо Facebook компаниясы Ооганстандагы колдонуучулар үчүн соцтармактагы досторун көрүү мүмкүндүгүн өчүрүп койгону белгилүү болду. Компаниянын киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Натаниэль Глейхер бул чечим «адамдарды кол салуулардан коргоо» үчүн кабыл алынганын билдирди.

«Талибан» кыймылы 15-августта Ооганстандын баш калаасы Кабулду ээлеп алгандан кийин өлкөнүн аймагы толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөнүн билдирип, согуш аяктаганын жарыялаган.

Маалымат үчүн: «Талибан» Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

Количество просмотров: 3002