• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Талиева: Кыргызстанда «күкүк» күйөөлөр көбөйдү

2 Бирдин айы 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бүгүн парламент жыйынында эки жашар кызын сабаган деген шек менен кармалган келиндин маселесин көтөрдү.

Талиеванын пикиринде, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне мыйзамдык зомбулукка дагы кабылбаш керек.

«Мен бүгүн үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар маселеси жөнүндө сөз кылгым келип жатат. Кадамжай районунда үрөй учуруп, атасы менен баласын атып кеткен окуя катталган. Коомчулукта дагы резонанс жараткан. Мына ошол үй-бүлөнүн кызынын башына бүгүнкү күндө оор сыноо келип отурат. Аял киши үй-бүлөлүк зомбулуккка кабылганы аз келгенсип, психологиялык жардамга муктаж. Атасынан, бир тууганынан ажырап, жарандык күйөөсү тарабынан ыдык көрүп турган учурда жолдошу сотко берип, «баламды урду» деп мына бир айга камалды. Мындай «күкүк» күйөөлөр Кыргызстанда көбөйдү. Балдарын карабай… Бизде көп аял алууга мыйзам жол бербейт. Ошол «күкүк» күйөөлөрдүн укугун биринчи орунга коюп, тергөөчүнүн суранычы менен камалып отурат. Аялды камап, балдарынан ажыратып койду. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне мыйзамдык зомбулукка кабылбаш керек»,-деди ал.

Эске салсак, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Ал Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана чогуу жашабай калышканын айткан. Келин өзүнүн кызын уруп, телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Келиндин үч баласы Кадамжай районунун Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылган.

Количество просмотров: 5362