• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Талиева: ЖМК мыйзамы жөн мыйзам эмес

22 Үчтүн айы 2024 17:41 Бишкек Govori.TV

ЖМК мыйзамы жөн мыйзам эмес, ошол себептүү министр өзү келиши керек. Мындай пикирин депутат Камила Талиева 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору боюнча талкуу күч болуп жатат.

«Кийинки жыйындарда жумушчу топтун мүчөлөрү дагы келишсин. Себеби талкуу учурунда чектөөлөр болуп жатканын айтышкан. Эркин журналисттерди дагы чакыралы. Мен эмне үчүн эркин журналисттерди эмне үчүн колдойм? Баткен окуясында массалык маалымат каражаттарынын саясатында бир күн утулганбыз. «Кыргызстан баштады» деп тажик тарап маалымат тараткан. Эртеси күнү биздин журналисттер профессионалдык адистигин көрсөтүп, алардын аргументтерине каршы «маалымат согушунда» утушка ээ болгон. Мен Баткендин кызы катары ошол жакшылыкты унутпайм!»,-деди Талиева.

Бүгүн, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

Бул мыйзам долбоор 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган. Анда депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоордо талаштуу беренелер көп экендигин айтып, кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 118