• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Талкан жутуп алгансып унчукпайт»: Депутат премьер-министрге нааразы болду

13 Жетинин айы 2019 10:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеште жыйындын жүрүшүндө сөз сураган депутат Алмамбет Шыкмаматов кылмыштуулук маселесин көтөрүп, өкмөт башчыга бир катар сындарын айтты.

Депутат премьер-министр, күч органдарынын өкүлдөрүнөн кылмыштуулук боюнча маалымат угууну сунуштап: «Талкан жутуп алгансып премьер-министр унчукпайт. «Мадина» базарындагы бизнесменди алып барып, өлтүрүштү. Аэропорттон бизнес менен алектенген адамдын сөөгү табылды. Кечээ жакында стратегиялык мамлекеттик ишкананын жетекчисин сабап кетишти, «Кыргыз көмүрдүн», — деди.

Депутат буга кошумчалай, Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саимаитинин өлүмү боюнча да маселе козгоду.

«Кыргызстандын казынасына 5 млрд сом салык төлөбөй, издөөдө жүргөн Саимаитини өлтүрүштү. Аны өлтүргөн адамдардан Кыргызстандын паспорту чыгып жатат. Саимаитинин тээп жүргөн машинеси дипломатиялык номур менен чыгып жатат. Эми ошону да көрмөксөн болуп, унчукпай отура беришибиз керекпи? Премьер-министр да унчукпайт. Бул «ЧП» (өзгөчө окуя) да. Издөөдө жүргөн адам дипломатиялык унаа менен жүрөт. Же эртең Батукаев элчинин машинеси менен жүрсө унчукпайбызбы? Алып келип териштирели», — деди ал.

Количество просмотров: 1115