• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Талтайган КСДПчылар…

27 Аяк оона 2018 18:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.09.2018.Govori.TV.
КСДПнын 25 жылдыгында Атамбаев кайрылуу жасап партияны талап-тоногон жемкорлордон тазаланышыбыз керек деп партия мүчөлөрүн ыңгайсыз абалга калтырды.
Аны уккан КСДПнын мурдакы депутаты Сагынбек Абдрахманов партиянын азыркы абалына Атамбаевден башканын күнөөсү жок деген оюн жазган.
Ал эми Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылып салганы менен жамынып, каалаган иш аракеттерин кылышсын дегени бар.
Анын да көңүлүн кыя албай, мунукун да кыя албай социал-демократтар эки арада калганы ачык болуп калды.
Депутат Анвар Артыков өз оюн кошумчалап, азыркы бийлик тарабынан эч кандай кысым болбогонун айтты.
Талтайган КСДПчылар Жээнбековду же Атамбаевди тандаарын билбей бушайман болуп, эмне аракет жасаарын билбей жаткан чагыбы?

Количество просмотров: 37