• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тамада Эрнест Бөрүбаев министрдин коомдук кеңешчиси болуп дайындалды

7 Бугу 202010:56 Бишкек Govori.TV

Тамада Эрнест Бөрүбаев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу тамада өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

“Бүгүн министр Улукбек Кочкоров агабыз чакырып, Ардак грамота тапшырды жана бул жумушуңду токтотпо деп “Министирдин коомдук кеңешчиси” деген күбөлүк тапшырды, Улукбек ага сизге чоң рахмат! Мен үчүн күтүлбөгөн сыйлык болду кубанычтамын. “Апам Жана Мен” ыктыярдуу топтун биринчи сыйлыгы”,- деп жазып чыкты Эрнест Бөрүбаев.

Белгилей кетсек, Эрнест Бөрүбаев учурдагы Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалдан улам өлкөдө карантин жарыяланганына байланыштуу, күнүмдүк жашоосунда кыйналып, муктаж болуп жаткан адамдарга жардам берип келет.

Количество просмотров: 302