• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

3 Бирдин айы 2021 14:24 Бишкек Govori.TV

Койчиев Арслан Капайович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз казматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Арслан Койчиев 1965-жылы 29-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында туулган.

Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аспирантураны, Лондон университетинин Чыгыш таануу жана Африканистика мектебин (School of Oriental and African Studies, University of London) аяктаган.

Тарых илимдеринин кандидаты.

Количество просмотров: 274