• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Улукбек Кочкоров: Чек ара боюнча тажик тараптын көп жылдык планы бар

3 Бирдин айы 2022 18:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров өлкөдөгү акыркы күндөрү актуалдуу болуп жаткан кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу пикирин Govori.TV мультимедиалык агенттигинин «Майдан» программасында билдирди.

Ал чек ара маселесин чечүүдө коңшу өлкөнүн бир топ жылдык стратегиялык пландары бар экенин айтты.

«Чек ара маселесинде тажик тарап көп жылдык стратегия түзүү менен аны өз пайдасына чечүү амалын издеп, көздөгөн максатына бара жатышат. Тилекке каршы, бизде 5 жыл сайын төңкөрүш болуп, өкмөттүн туруктуулугу деги эле жок, ашып кетсе 1 жыл. Ал премьер-министр келип, өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрү менен алышат. Чек арага байланыштуу планы деле жок. Ал эми коңшу өлкө баарын көрүп, билип турат. Ушул сыяктуу иш-аракеттеринин алкагында «силер баштап коридор бересиңер, андан кийин гана сүйлөшөбүз» деп жатышат. 30 жылдан бери Тажикстан чек ара маселесин чечүүгө кызыкдар болбой келет. Биздин бийлик толугу менен кырдаалды анализдеп, стратегиялык чечимдерди түзгөнгө чейин алар шаштырып, тополоң чыгарышууда. Депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасында кооптуулук жогорку чекке жеткенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, депутаттык комиссия чек арада жаңжалдар эмне себептен келип чыгып жатканын аныктоо жана чек араны чечүү боюнча саясатты иштеп чыгуу максатында түзүлөт. Анда маселени тамырынан түшүнгөн, келечекти 20-30 жыл алдыда көрө алгандар болсун. Эмне себептен 30 жылдан бери мындай чатактарга туш болуп жатабыз? Буга эмне себеп болууда? Жаңжал чыкканда эле барып басып, алардын шартына көнө берсек чек ара көйгөйү чечилбейт. Ошол себептүү биздин өзүбүздүн планыбыз болушу керек. Ошого жараша конкреттүү иштери алып баруу маанилүү. Эң негизгиси аны аткарган адамдар мыкты адис болушу шарт. Акыркы он жыл ичинде чыр чыккан сайын аны басуу менен эле келе жатабыз»,-деп билдирди Улукбек Кочкоров.

Количество просмотров: 2100