• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тармактан тышкаркы чалуулардын баасы арзандамай болду

9 Үчтүн айы 201911:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.01.2019. Govori.TV

Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлору Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин эскертүүсүнө ылайык, тармактан тышкаркы чалуулардын баасын арзандатты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анализ жүргүзүлүп «Альфа Телеком», SkyMobile ЖЧКсы жана «Нур Телеком» ЖЧКсы «Атаандаштык жөнүндөгү» мыйзамды бузуп тармактан тышкаркы чалуулардын баасын жогорулатып алышканы аныкталган. Уюлдук операторлорго бул кемчиликти 2018-жылдын 21-декабрына чейин жоюу тапшырылган.

Компаниялар тармактар аралык байланыштын коюмун 14 пайызга азайтуу жана жарым жыл сайын 50 тыйынга арзандатуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Количество просмотров: 56