• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Шайлоо: Мыйзам бузууга күбө болсоңуз кимге кайрылуу керек?

10 Үчтүн айы 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Шайлоо күнүндө мыйзам бузууларга күбө болгон жарандар өкмөттүн call-борборуна кайрыла алат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер Максат Мамытканов билдирди.

«Телефон чалуулар акысыз. Жарандар шайлоо тилкелеринде электр жарыгы же интернет жок болсо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык эрежелер сакталбаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса ишеним телефондоруна чала алат», — деди Мамытканов.

Сall-борборунун номерлери:

(0312) 66 28 58;

(0312) 66 28 51;

(0312) 96 14 54;

(0312) 96 03 11;

факс: (0312) 66 61 97.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Количество просмотров: 130