• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Тармактык комитет вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды

9 Үчтүн айы 201812:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.01.18.Govori.TV

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетинин депутаттары вице-премьерлик кызматка Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.  Мындай чечимди алар комитет жыйынында кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Санжар Муканбетовдун  талапкерлиги премьер-министр Сапар Исаков тарабынан жакында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталган.

Белгилей кетсек, Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун «Жанар» (ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катарында баштаган. Кийин Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган.

Количество просмотров: 17