• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тарых музейин ноябрь айында ачуу пландалууда

16 Аяк оона 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

“Мамлекеттик тарых музейин ачуу бир тараптуу чечилбейт. Германиядан адистер келип, сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз ноябрь айына музейди ачууну пландап жатабыз. Ал эми музейдин ичиндеги экспонаттар боюнча иш аягына чыга элек”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жүрүп, андагы экспонаттарга кеткен каражаттын айынан кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 87