• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Таш-Көмүр шаарына жаңы мэр дайындалды

20 Кулжа 2022 13:33 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Бектемиров Келсинбек Базаркулович дайындалды. Маалыматка ылайык, тийешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Мэрди президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев эмгек жамаатка жана шаар жетекчилерине тааныштырды.

Келсинбек Бектемиров 1980-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Билими жогорку, 2002-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган. Эмгек жолунда 2008-2014-жылдары КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тармактык бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2013-2014-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы, жеке компаниялардын аткаруучу директору, 2012-2020-жылдары Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Буга чейин Таш-Көмүр шаарын Нурлан Доулбеков жетектеп келген. Анын ушул жылдын июнь айында кызматтык мөөнөтү аяктаган.

Количество просмотров: 53