• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташибек Макушев, ардагер, полковник: “Атамбаев “киллер” Сурайкин үчүн 1 000 000 сом берген…”

5 Кулжа 2018 12:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

“2000-жылдын ноябрында Алмазбек Атамбаевди “Автомаштын” алдында «киллердин» огунан каза болоордо алып калгам. Анын көзүнөн жашы тегеренип, кучактап ырахматын айткан”. Бул сөздөрдү ИИМдин ардагери, полковник Ташибек Макушев эркин журналист Ильич Кулназаров менен болгон маегинде айтып берген.

Маектин мазмунуна келсек, 2000-жылдын ноябрында кимдир бирөөлөр тарабынан Сурайкин аттуу “киллерге”  ал кездеги оппозиционер Алмазбек Атамбаевди жок кылуу тапшырмасы түшкөн. Бирок, оперативдүү маалыматтар Бишкек ШИИБисин башкарып турган Ташибек Макушевге жетип, ал атайын операциянын негизинде “Автомаш” заводунун алдында Атамбаевдин чыгышын күтүп турган көзгө атаар «киллерди» колго түшүргөн.

“Алмазбек Шаршеновичти «киллердин» огунан сактап калганым кашкайган чындык. 3-4 мүнөт кечиккенибизде “Кыргызавтомаштын” алдынан киллердин огунан каза тапмак, тигил «киллер» мурдатан даярдалган мотоциклге отурмак да кетмек. Бирок биздин оперативдүү маалыматтар так жана убакыт саатына чейин билгендиктен биз сактап калдык. Операцияны өзүм жетектегем, ага Бакыт Матисаков, Бакыт Парманкулов жана башкалар катышкан. Алар экөө болгон, бирөөсүн мен жеке өзүм кармагам, аты жөнүн айтсам Сурайкин деген неме болчу, экинчисиники эсимен чыгып кетти”, -деп эскерет ал.

Ошону менен бирге эле окуяны укканда Алмазбек Атамбаевдин алгач ишенбегенин, бирок, киллерди алдына алып келишкенде ал «багың тоодой экен, 2-3 мүнөт болгондо жер кучактап жатмаксың, сени жайламакмын» деп кыйкырганын, ошондо ал аман калганына ынанып, полковникке ырахмат айтып ыйлаганын айтат.

“Көп нерсени убадалады, “мен сени калтырбайм” деген сөздөрдү айтып анан кетти. Андан кийин мен бир да жолу жардам сураган жокмун, тек гана кызматтык профессионалдык милдетимди аткардым. Кийин 1 000 000 сом берип жиберген экен мен аны өмүрүн тобокелге салып атайын операцияга катышкан балдарга бөлүп бердим. Киллерги ким буйрук бергенин кийин билдим, маалым болду, бирок аны сиз да, башкалар да билбейт. Ал менин ичимде гана жүргөн сыр. Жалпы элге учурунда оперативдик маалыматтар боюнча кармадык деп гана айтылган”-деп айтат маегинде ал.

Ошону менен бирге эле ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жолугууга аракет кылганын, бирок, ортого түшкөн Фарид Ниязов аны жолуктурбаганын да кошумчалаган.

 

Количество просмотров: 142