• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев: «Алтын мазарды берген жокпуз, ал бизде калды»

19 Жалган куран 202511:08 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин 6 комитетинин биргелешкен жыйынында Чоң-Алай районундагы Алтын мазар участкасы Кыргызстандын карамагында калганын айтты.

Ташиев ал жер Тажикстанга берилбегенин айтты. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда Алтын мазар участкасына байланыштуу талаш болгонун, ар бир тарап ага ээлик кылууну көздөгөнүн бтлдтодт.

«Интернетте Алтын мазар тажиктерге өттү деп жазып жатышат. Алтын мазарды берген жокпуз, ал бизде калды», — деди Ташиев.

Парламенттин 6 комитети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндөгү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

Количество просмотров: 167