2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.Ташиев УКМК тергөө камак жайынада кармалып жаткан А.Атамбаевдин акыбалы менен таанышып чыкты.
Иш чаранын жүрүшүндө атайын кызматтын башчысы А.Атамбаевдин кармалышынын абалы жана ден-соолугунун абалы менен таанышты.
Өз кезегинде, А.Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттары жана аракеттерине эч кандай дооматы жок экендигин айтып, ден-соолугунун начардыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы К.К.Ташиев тиешелүү кызматтарга А.Атамбаевдин ден-соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, андан кийин зарыл болгон учурда аны медициналык мекемеге жаткыруу жөнүндө чечим кабыл алууну тапшырды.