УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда өлкө аймагында «мыйзамдагы уруу», «смотрящий», «положенец» жок экенин айтты.
Ошондой эле Ташиев өз сөзүндө “бандиттердин башчысы коркутуп жатат» деп ыйлап келген министр тууралуу айтып берди. Ал министрди өзү калкалап, аягында “үй-бүлөсүнө зордук көрсөтөм” деген бандит жок кылынганын айтты.