• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбеков бюджетке колун сала баштаган

23 Үчтүн айы 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков бюджетке колун сала баштаган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-январда өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кылмыш иши бизде тергелип жатат. Маалыматтар менен фактылар бар. Ал кишинин аталган кызматта иштеп жатканына үчүнчү ай кеткен. Анын эки айын жакшы иштеди, биз көзөмөлдөп турдук. Акыркы жарым айда акырын бюджетке колун сала баштаган. Биз мыйзам менен колун кырка чаптык»,-деди Ташиев.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековду 17-январда коррупцияга шектүү катары кармаган. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган. Кубанычбеков Бажы кызматынын башына былтыр октябрда келген.

Количество просмотров: 262