• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиев: Биз Тажикстандын Чек ара кызматы же армиясы менен эмес, башка адамдар менен кагылыштык

26 Аяк оона 2022 18:32 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыш жана бир күн мурун Тажикстан менен кол коюлган протокол боюнча 26-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ташиев кыргыз аскерлери кошуна өлкөнүн чек арасынан өтпөгөнүн белгилеп, жоокерлер Кыргызстандын аймактарын басып алууну көздөгөндөрдөн коргонгонун билдирди.

«Биз Тажикстандын Чек ара кызматы же армиясы менен эмес, башка адамдар менен кагылыштык. Аларды ким деп атаганды билбейм», — деген Ташиев убагы келип агрессор ким экенин тийиштүү органдар аныктай турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 8220